Токмокто жөө жүрүүчүнү сүзүп, аны бир нече метрге сүйрөп барып, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Токмок шаарында жөө жүрүүчүнү сүзүп, аны бир нече метрге сүйрөп барып, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аялды сүзүп кеткен айдоочунун унаасы окуя болгон жерден алыс эмес аймактан кечээ табылган. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин жыйынтыгында айдоочу бүгүн эртең менен кармалды. Учурда ал Токмок шаардык милициясында көрсөтмө берип жатканы маалым болду.

Айта кетсек, кечээ саат 21:45 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 56-чакырымында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 45-50 жаштардагы аялды катуу ылдамдыкта келатып сүзүп, аны бир нече метрге сүйрөп барып, окуя болгон жерден качып кеткен. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу ошол жерден каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlanpiter
2016-04-20 20:02:49
Айдоочу коркуп кеткенго,бирок ооруканага алып барса болмок эгерде тируу болсо, качпашы керек эле жазасын алсын!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан