Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы мурда сот жообуна тартылган, адам өлтүрүү фактысы боюнча шектелген Нурбек Арстановго издөө салат. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1986-жылы 10-декабрда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарында туулган Арстанов Нурбек Шарипбаевич Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча изделүүдө. Белгилери: бою 170-175 сантиметр, дене түзүлүшү арыгыраак, чачы кара.
Эгер кылмышка шектүү жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, (0312) 43-01-27, (0772) 18-46-57, (0772) 18-46-57, (0555) 43-34-43 телефон номурлары аркылуу билдирүү керек.