Чүй облусуна караштуу Кемин районунда 8 жаштагы бала агынды суулар өтүүчү люкка түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орловка шаарындагы Металлург кичи районунан үйдүн жанындагы агынды суулар өтүүчү люкка 2008-жылы туулган Азиз Д. аттуу бала түшүп кеткен. Куткаруучулар барганга чейин жергиликтүү тургундар баланын жансыз денесин люктан алып чыгышкан.