Баткенде 3 тонна темирди мыйзамсыз түрдө чек арадан өткөрүүгө аракеттенген жаран кармалды

Баткенде 3 тонна темирди мыйзамсыз түрдө чек арадан өткөрүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 17-майда Лейлек районунан Тажикстандан кыргыз жерине 3 тонна кара темирди өткөрүүгө аракеттенген тажик жараны кармалган. Кармалган жарандын өздүгүн тактоочу документтери болгон эмес. Бул факт боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, Кыргыз Республикасынын Административдик кодексине ылайык, кармалган жаранга акчалай айып пул салынып, жүк Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suymon
2016-05-18 23:29:13
Болбогон соз.лейлектен таджикистанга есеби жок тонналанган темирлер отот.денизден бир тамчы сууну алып соз кылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан