Нарында "12 жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган" деп айыпталган жаран 20 жылга эркинен ажыратылды

Нарында "12 жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган" деп айыпталган 48 жаштагы жаран 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 3-октябрында Кочкор районунун 48 жаштагы Ж.С. аттуу тургуну 12 жаштагы Т. к. А. аттуу кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жаткан учурда аны кыздын апасы жана агасы көрүп калышкан.

Кылмышка шектүү жаранга карата “сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү күнөөсүн моюнуна алган эмес, бирок далилдер жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү эске алынып, айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, сот аны 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
MIRlan
2016-05-18 15:46:33
20 жыл аз. Мындай адамдарга өмүр бою бериш керек. Эртең эле 10 жыл отурбай, амнистия деп шылтоо кылып чыгып албаса эле болду.
+6
Akshumkar
2016-05-18 16:04:58
Дагы жакшы 20 жыл камады кээ бири мындан жаман нерсени кылып туруп жон эле чыгып кетип жатпайбы
0
barpy
2016-05-18 16:51:11
Таласта да ушундай бир акчалуу-сакалчан (сакалы орттонсун намаз окуп маанисине тушунбогон, динди жамынган) ХХХ ХХХ аттуу бири бар экен, ошону адилет сот тергесе, куноосу далилденсе татыктуу жазасын алса...
+1
admin_portal
2016-05-18 16:56:14
barpy, далили жок кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
0
danilka
2016-05-18 17:47:02
Адам олтурсо 5 жылға эле эркинен ажыратып коюшат, адамдар дагы билишпейтда кимге қандай жаза беришти, айласыздан тан каласын.
0
Nazikbaigazy
2016-05-19 00:18:16
danilka,5 жылга жетпей чыгат. Биздин соттор адилетсиз иштейт,
0
Uson13
2016-05-18 18:38:17
20 жыл азго өмүт бою эркинен ажыратыш керек мындайларды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан