Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы дүкөндөрдүн биринен өрт чыкты. Анда Кош-Дөбө айыл аймагындагы Атана айылындагы Чыныбек көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу, темир жабылган 24 чарчы метр аянтта азык-түлүк сатуучу соода күркөсүнүн чатыры, 3 муздаткыч, 2 терезе, 3 эшик күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.