Сокулук районунда 250 миң сомдук унаа тетиктерин уурдоого шектелген жаран кармалды

Сокулук районунда 250 миң сомдук унаа тетиктерин уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен ишканалардын биринин жетекчиси кайрылган. Ал Военно-Антоновка айылындагы ишканадан белгисиз жаран жалпы суммасы 250 миң сомду түзгөн унаа тетиктерин уурдап кеткенин билдирген.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Беловодск айылынын Д.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан