20-майда саат 02:40 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарынын борбордук “Лейлек” базарында чыккан өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдын болжолдуу көлөмү эсептелди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен базардын 4 миң чарчы метрден ашуун аянты күйүп, натыйжада 53 соода дүкөнү, 2 жабык соода түйүнү жана 15 ашкана күйгөн. Жабыркагандар жок.
"Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинин натыйжасында өрт кырсыгы болуп жаткан учурда 20 адам эвакуацияланып, базардын аймагынан 2 соода борбору, 64 соода түйүнү, 10 дүкөн, 6 ашкана жана уюлдук операторлордун бирине караштуу кеңсе сакталып калган. Саат 10:05 чамасында өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жалпы материалдык чыгым (товарлардан сырткары) болжол менен 3 миллион 851 миң сомду түздү. Өрттүн себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.