Сокулук районунда "чала таанышын сабаган" деген шек менен 3 аял кармалды

Сокулук районунда "чала таанышын сабаган" деген шек менен 3 аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Военно-Антоновка айылынын 37 жаштагы Н.В. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 21-февраль күнү саат 21:00 чамасында Зарина, Ира жана Ассель аттуу чала тааныштары аны сабап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 32 жаштагы А.З., 36 жаштагы К.А. аттуу Военно-Антоновка айылынын тургундары жана 28 жаштагы Новопавловка айылынын А.Ф. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан