Сузак районунда табигый кырсыктан жабыркаган жергиликтүү тургундарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында жер көчкүдөн жабыр тарткан айыл тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Жалал-Абад милициясы жана мусулмандар казыяты колдоого алып, азык-түлүк жагынан жардам беришти.
“Бөөдө кырсыктардан, апаат күндөрдөн сак болуп, элибиздин башына кыйынчылык түшүп турганда катардагы биздин кызматкерлер кайдыгер карап турбастан колдоого алып, өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жардамын аябайт”, - деп билдирди Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Ж.Жоробеков.