Аламүдүн районунда каналга агып кеткен 10 жаштагы баланын денеси табылды

Аламүдүн районунда каналга агып кеткен 10 жаштагы баланын денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунда кечээ саат 15:18 чамасында Энергетиктер шаарчасынан 2006-жылы туулган У.Р. аттуу мектеп окуучусу Чоң Чүй каналына агып кеткен. Куткаруу кызматынын куткаруучулары жана Өрт-куткаруу кызматынын кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, саат 16:50 чамасында суудан баланын жансыз денесин таап, аймактык милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан