Италиянын Арно дарыясынын түштүк жээгинде жер чөгүп, токтоп турган 20га жакын унаа аңга түшүп кеткени боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 25-май күнү саат 06:30 чамасында орун алган. Анда дарыянын жээгиндеги туурасы 7 метр, узундугу 200 метрге жеткен жер чөгүп кеткен. Жээкте токтоп турган 20га жакын унаа жер менен кошо аңга түшүп кеткен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жердин чөгүп кетишине жер астынан өткөн суу түтүгүнүн жарылуусу себеп болгон. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар катталган эмес.