Москвада "сулуулук салонунда иштеген пол жуугуч кызды 4,5 сааттан ашуун убакыт ыплас түрдө зордуктаган" деген шек менен 2 кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, полицияга арыз менен 22 жаштагы кыз кайрылган. Анда ал анын таанышы жана досу мойнунан кармап, ичке муштум менен чапкылап, кийин 4,5 сааттан ашуун убакыт ыплас түрдө зордукташкандарын билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүүлөр өздөрү жашаган үйдөн кармалды. Кылмышка шектүүлөр кыргыз жарандары. Алардын бири кыргыз жеринен келген, мурда соттолгон, Москвадагы ишканалардын биринде иштеген 23 жаштагы жумушчу жана анын 26 жаштагы мекендеши", - деп айтылат маалыматта.