Бүгүн, 30-майда Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-СИЗОдон качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук кароо Свердлов райондук сотунда райондук соттун төрагасы Санжар Чотоновдун кароосунда улантылды.
Соттук отурумдун жүрүшүндө абактан качкан кылмышкерлер суракка алынышты. Алардын бири Болот Курбанакунов төмөнкүлөрдү билдирди:
"Мен буга чейин эле өмүр бою эркимден ажыратылгам. Мага "төрт жолу адам өлтүрдү" деген айып тагылган. Андан кийин "Сирияга кетүүгө аракет жасады" деп айыпталып эркимден ажыратылгам. Абактан качкандардын баарынын көз карашы бирдей эмес болчу. Ал түнү ар ким өз иштери менен алектенип жаткан. Мен дайыма 23:00 чамасында уктаймын. Жатарга даярданып жатканымда кыйкырык угулду. Ары жактагы ызы-чуунун бизге тиешеси жок, бизди кызыктырчу эмес. Бирок ал түнү эмнегедир күндөгүдөн башкача кыйкырыктар угулду. Абактын кызматкерин чакырдык. Атын билбейм, бир жигит келип, баары тынч деген эле. Бир аз убакыттан кийин эшик ачылды. Эшикти ачкан абактын кызматкери эмес болчу. Биз камерадан чыкканда күзөтчүлөр турган жерде электр жарыгы жок эле. Мен акыркылардан болуп чыгып жатып абактагылардын баары качып кеткен экен деп ойлодум. Абактан качканымды моюнума алам, бирок абак кызматкерлерин өлтүрүүгө катыштыгым жок".
Алтынбек Итибаевди жашырган айыпкер Максат Абдырахманов да суракка алынды. Ал өз сөзүндө: "Мен Алтын Итибаев менен бирге 2010-жылы бир камерада отургам. Ошондуктан ага жардам берүүгө туура келди. Итибаев Нурсият деген тууганынын үйүнө барып жашынды", - деди.
"А.Итибаевди жашырган" деген айыпталып кармалган Нурсият Ырысбекова да суракка алынып келинди. Ал: "Итибаев менен сүйлөшкөн эмесмин. Лариса аттуу дос кызым Итибаевдин аялы экенин билген эмесмин. Лариса суранганынан үйгө кирүүгө макулдук бергем", - деди.
Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.
Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.
Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды. 22-октябрда Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү 3 кабаттуу үйдө кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, А.Итибаев өлтүрүлгөн.