Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 3, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталды.
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында өрт кырсыгы катталды. Анда Кыргызстан айылындагы Кеч көчөсүнөн жалпы аянты 360 чарчы метр бастырма, 4 миң түк чөп жана FORD MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.