Бишкекте журналист Турат Акимовго кол салуу фактысы боюнча иликтөө иштери улантылууда. Учурда кылмыштын бети ачыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдирди.
"Бул кылмыш иши боюнча иликтөө иштери токтогон жок, улантылууда. Иликтөө иштерин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүп жатышат. Учурда кылмыштын бети ачыла элек", - деди Б.Сейитов.
Эске салсак, 20-февралга караган түнү журналист Турат Акимовду үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Журналист бул иштин артында бүгүн кызматынан бошогон ички иштер министри Мелис Турганбаев турарын айтып чыккан. Бул ишти президент Алмазбек Атамбаев да жеке көзөмөлүнө алган болчу.