Патрулдук милиция 56 жаштагы аялды колго түшүрүп, Аламүдүн РИИБине өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя боюнча арыз 29-майда түшкөн. Анда Таш-Дөбө айылынын тургуну милицияга 56 жаштагы аял анын кызына кол салганын айткан. Кандай себеп менен бул ишке барганы да белгисиз болгон.
Жыйынтыгында 25 жаштагы кош бойлуу келин Чүй облустук төрөт үйүнө жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө.