Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелген жаран Орусиядан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28 жаштагы Д.М. аттуу жаран 2010-жылы Ош шаарында катталган Июнь окуясындагы массалык баш аламандык учурунда адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн. Кылмышка шектүү Орусияда үй-бүлөсү менен жашап, жеке ишканада иштеп жаткан.
Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү Орусиядан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кармалган шектүүнү Кыргыз Республикасына алып келүү маселеси каралууда.