Токмок шаарында "колледждин керебеттерин уурдаган" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматына 2016-жылдын 21-январында таңкы саат 05:00 чамасында Токмок шаарындагы колледждин 7 даана керебети, электр чубалгылары уурдалганы тууралуу арыз түшкөн. Иликтөө иштеринин алкагында мурда соттолгон Б.Т. аттуу 23 жаштагы жергиликтүү тургун кылмыш ишине шектелип кармалды.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.