Токмок шаарында "38 жаштагы аялды зордуктаган" деген шек менен эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде саат 21:30 чамасында Токмок шаарынын 38 жаштагы А.Д. аттуу тургунун Бишкек-Кемин унаа жолунун 45-чакырымында азиат улутундагы белгисиз эки жаран күч колдонуп зордуктап кеткен. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектелип 23 жаштагы Х.Н. жана 28 жаштагы Д.М. аттуу жарандар кармалган.
Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.