Жалал-Абад шаарында мас абалдагы жашоочу өзүнө бензин чачып, өрттөп жиберген. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
"Жалал-Абад шаарындагы Курманбек көчөсүндө шаар тургуну денесине бензин чачып, өзүн өрттөп жиберген. Окуя болгон жерге "Тез жардам" унаасы чакырылып, денеси күйгөн жаран ооруканага жеткирилген. Текшерүү учурунда жабыркаган жаран мас абалда экени аныкталган. Эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз", - дешти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.