Чүй. №3-түзөтүү абагында кылмышкер эскертүү огу атылганына карабастан, абактын сыртынан ыргытылган спирт ичимдигин алганы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө

Чүй облусунун №3-түзөтүү абагында кылмышкер эскертүү огу атылганына карабастан, абактын сыртынан ыргытылган спирт ичимдигин алганы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 23:00 чамасында №3-түзөтүү абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кылмышкер абактын ичиндеги чектелген аймакка күзөтчүнүн эскертүүсүнө карабай басып барган. Чектелген аймактан чыккан кылмышкер абага ок атылганына карабастан абактын сыртынан ыргытылган спирт ичимдигин алууга жетишкен. Териштирүү иштеринин алкагында эскертүүлөргө баш ийбеген кылмышкер 30 жаштагы "мал уурулук" беренеси менен соттолгон А.К. аттуу жаран экени аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Futuro
2016-06-02 13:04:01
Негизи саат 22:00дө, баары камераларына кирип отбой эмеспи? Ал эми 23:00чамасы болсо чектелген аймака басып барса, анда таңатканча эле ачык го дейм камералары.
-1
akyn-jurogu
2016-06-02 13:06:28
Ммм.жакшы...
-3
alievna.1989
2016-06-03 03:33:48
Futuro бизде турмодо камерага камалбайт.Кинодогудай турмо бизде жок.Камера деген сизодо болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан