Өлкөнүн түштүк аймагында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Сейсмология институтунан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-июндан 3-июнга караган түнү саат 01:17 чамасында өлкөнүн түштүк аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
"Жер титирөөнүн очогу Кызыл-Кыя шаарынын түндүк-батыш аймагында 50 чакырым аралыктагы Өзбекстандын чек арасында катталган. Жердин силкинүү күчү очогунда 5 баллга жетип, Кызыл-Кыя шаарында 2-3, Кыргыз-Кыштак айылында 3 баллга жеткен", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, кыйроолор жана жабыркагандар болгон эмес.