Кара-Балта шаарынан 39 миң литр күйүүчү майды жасалма документ менен ташып бараткан жаран кармалды

Кара-Балта шаарынан 39 миң литр күйүүчү майды жасалма документ менен ташып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош жолунун 61-чакырымынан 39 тонна күйүүчү майды ташып бараткан Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Экспертиза аркылуу документтери жасалма экени аныкталып, иликтөө иштеринин алкагында аталган факт боюнча Баткен облусунун С.Д. аттуу тургуну кармалган.

Учурда кармалган автоунаа айып аянтына токтотулуп, кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Anarbek58
2016-06-06 13:57:12
ХХХ болот.Бекер удара болупсунар!!!
+1
admin_portal
2016-06-06 14:41:18
Anarbek58,негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат!
0
lolo.1
2016-06-06 15:38:35
39 мин литрди 39 литрдей алып жоногонго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан