Таш-Көмүр шаарында айдоочу унаасы менен Нарын дарыясынын жээгине тоголонуп кетип, өзү каза болуп калды

Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында 2016-жылдын 7-июнунда саат 19:05 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 338-чакырымында Опель Вектра үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, сайга түшүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №94-Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары айдоочуну чыгарышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Ушул эле күнү саат 11:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 458-чакырымында Ниссан үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, Нарын дарыясынын жээгине тоголонуп кеткен. ӨКМнын 2-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары 7-июнда саат 12:00 чамасында кырсык катталган жерге барышып, айдоочунун жансыз денесин жана унааны чыгарышып, Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан