Токтогул районунун эки тургуну өз ыктыяры менен куралдарды тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
"Үстүбүздөгү жылдын 8-июнунда 34 жаштагы Кызыл-Туу айылынын А.А. аттуу тургуну 32 миллиметрлик калибрдеги курал тапшырган. Ушул эле айылдан 46 жаштагы тургун милиция кызматкерлерине 28 миллиметрлик калибрдеги куралды өз ыктыяры менен тапшырган", - деп айтылат маалыматта.
Ички иштер министрлиги кыргыз жарандары табылган жана мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок-дарыларды милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен тапшырышса, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушарын жана акчалай сыйлыкка ээ болушарын эскертет.
"8-июнда Ала-Бука райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин алкагында Сары-Талаа айылынын 54 жаштагы Г.А. аттуу тургуну куралды мыйзамсыз сактаганы үчүн кармалды", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Бул жарандын үйүнөн 16 миллиметрлик калибрдеги курал табылган. Аталган факт боюнча изилдөө иштери башталып, Г.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.