КВНди кыргызча сүйлөтүүнү эңсегендер көп болгон. Анткени калк арасында юмордун сүйүүчүлөрү абдан көп эле. Бирок турмушта каалоо менен гана иш бүтпөйт. Канчалык гениалдуу идея болбосун, аны ишке ашырууга бел байлаган азамат болбосо идеядан сокур тыйынчалык пайда жок. Көптөгөн адамдар каалап, эңсеп келген ишти жүзөгө ашыруу бул эки жигиттин колунан келди. Бири “Тамашоу” долбоорунун автору, алмашкыс алпаруучусу Эрмек Нурбаев болсо, экинчиси аталган долбоордун башкы редактору Арслан Ибрагимов. Кыргыздын таланттуу бул эки жигити биздин “Ийгилик сыры” рубрикабызда...
“Тамашоу” түзүлгөндө...
Эрмек Нурбаев:
- Бишкекте Кыргыз-Орус Славян университетинде окуп жүрүп, 2003-жылы Арслан байке менен таанышып калдым. Ал учурда өзүм окуган окуу жайдын КВН командасында мүчө элем. Арслан байке болсо Евгений Акопяндын КВН лигасынын редактору болчу. Таанышып, баарлаша келгенде экөөбүздө тең кыргыз тилинде КВН мелдешин ачуу идеясы бар болуп чыкты. Бирок ал кезде көпчүлүгү кыргызча КВНди элестете алышчу эмес. Сөздүн түз дагы, кыйыр дагы маанисинде “кыргызчага жарашпайт” деп ойлошчу.
Арслан Ибрагимов:
- Акопяндын КВН мелдешинде иштеп жүрүп, өлкөбүздө кыргыз тилиндеги КВНдин жоктугун көп ойлончумун. Чын эле көпчүлүк “кыргыз тилинде КВН болбой калат” дешчү. Анын үстүнө ал кезде кыргыз тилинде КВНди алып чыкчу, эне тилибизде эркин сүйлөй алган, жоопкерчиликтүү, “Тамашоунун” жүзү боло ала турган адам жок эле. Топ балдардын ичинен Эрмек суурулуп чыкты. “Тамашоу” долбоорунун башкы максаты - кыргыз тилин өстүрүү, элди сапаттуу тамашалар менен багуу жана жаштарды кыргызча КВНде ойноого чакыруу болду. Ошентип, 5 жылдан бери экөөбүз бул долбоор менен жашап келе жатабыз.
“Сочиден түз эле Москвага өттүк, бул биздин жеңишибиз”
Арслан Ибрагимов:
- Ар бир элдин өзүнө гана түшүнүктүү юмору, тамашасы бар. Ошондуктан эл аралык КВН мелдештерине чыгуу оңой эмес. Мисалы, Казакстанда өтүүчү мелдешке катышуу үчүн алгач өзүбүздүн ролдор менен тамашаларды сунуштайбыз. Редакторлор карап “жарайт же жарабайт” деп айтат. Албетте, казактар менен кыргыздардын менталитети окшош, алардын учурдагы актуалдуу маселелери деле жакын, демек, казак аудиториясына биздин тамашалар да түшүнүктүү. КМШнын алкагына чыгыш үчүн көп эмгектенүүгө туура келет. Чынында, Александр Масляковдун эл аралык КВН мелдешине катышуу үчүн деле тамашалар жогорудагыдай жол менен тандалат,. Алгач Сочи шаарындагы тандоо турунан өтүш керек, андан соң Киев, Минск жана Москва шаарында мелдештер болот. А биз быйыл Сочиден түз эле Москва шаарына өттүк. Бул биздин жеңишибиз.
“Биздеги бут тосуулар, кыйынчылыктар...”
Эрмек Нурбаев:
- Ар бир ийгиликтүү иштин артында элге көрүнбөгөн толтура кыйынчылыктар турат. “Баары эле сонун” деп айтуудан алысмын, бизде да көп кыйынчылыктар болгон. Акырындап алардын баарын жеңип келе жатабыз.
Арслан Ибрагимов:
- Эрмек айткандай эле, бирок мен баштан өткөн кызыктуу бир күн тууралуу айткым келип жатат. “Тамашоунун” алгачкы мелдешинде Спорт Ордосуна бир канча чакырым аралыктан жөө, 100 чакты баннерлерди көтөрүп келип, Эрмек экөөбүз жалгыз илип чыкканбыз. Сарпталчу каражатты да өзүбүз таап, ал акчага билет даярдап, мөөрдү өзүбүз басып, айтор, башында бардык түйшүгүн экөөбүз жон терибиз менен сезгенбиз.
Келечекте “Тамашоу”...
Эрмек Нурбаев, Арслан Ибрагимов:
- “Тамашоу” жаңыдан түзүлүп жатканда 14 команда болсо, азыр 150 командага жетти. Бул дагы биздин жетишкендиктерибиздин бири. Угушубузча, Москвада ОРТ телеканалынын 1 мүнөтү эле 40 миң доллар турат экен, а биз аталган каналдын 10 мүнөттүк эфирин ээледик. Бул да жетишкендик. Келечектеги чоң максатыбыз - 3 - 5 жылдын ичинде Александр Масляковдун эл аралык КВН мелдешинин Жогорку Лигасынын чемпиону болуу. Мындай мүмкүнчүлүк бизде бар. Ошондой эле “Тамашонун” кийинки муунун тарбиялоо.
“Тамашоу” биздин башкы ийгилигибиз”
Арслан Ибрагимов:
- “Тамашоуну” негизги ийгилигим деп айта алам. Долбоордогу “Вукинги” командасында менин Данияр жана Жалил аттуу 2 уулум да ойнойт. Алардын сахнадагы өнөрлөрүн, кыймыл-аракеттерин, эң негизгиси, балдарымдын кыргыз тилинде сүйлөп жатканын көрүп чыныгы ийгиликке жетишкенимди сезем.
Эрмек Нурбаев:
- Мен үчүн да “Тамашоу” негизги ийгиликтеримдин бири. Командалардагы балдар мени “ата”, Арслан байкени “апа” дешет. Негизи эле баарыбыз бир үй-бүлөдөй болуп калдык. “Тамашоу” менин хоббим деп айтар элем. Бирок хоббим көп убакытты талап кылууда. Бул долбоордон сырткары келечекте, Кудай буюрса, Кыргызстанга пайдалуу иштерди жасасам дейм. Алга, Кыргызстан! Алга, “Тамашоу”!
Долбоор жана каражат
Эрмек Нурбаев:
- Кайсы бир жерден расмий түрдө айлык албайм. “Тамашоунун” концертинен түшкөн каражат долбоордун өзүнө жетиштүү. Ал эми мен тойлордо, майрамдык кечелерде тамадалык кылам, буга чейин аймактарга гастролдорго да чыгып жүрдүм. Андан түшкөн каражат менин жеке жашоомо жетиштүү.
Арслан Ибрагимов:
- “Тамашоу” долбоорунан сырткары аптасына бир жолу Нурзат Токтосунованын журналистика мектебинде сабак берем. Ошондой эле мен да Эрмекке окшоп ар кандай кечелерге алпаруучулук кылам.
“Биздин ийгиликтин сыры”
Арслан Ибрагимов:
- Мен көп сүйлөбөй эле ийгиликке жетишүүдөгү ыкмалар менен бөлүшөйүн, балким, кимдир бирөөгө жардамы тийип калар. Адам жашоодо өзүнүн максатын так аныктап алышы керек. “Ким болгум келет? Эмне менен алектенсем болот?” деген суроолорго туура жооп издеши зарыл. Адам жаңы нерсени ачууга умтулуусу керек. “Тамашоу” долбоорун ачардан мурда, мен бул ишти эч ким азырынча жүзөгө ашыра элек деп ойлонуп, азыркыдай ийгиликтерге жете аларыма ишенгем. Эрмек дагы ишенген, ошондон улам ушул даражага жетип отурабыз.
Эрмек Нурбаев:
- Ийгилигимдин өзгөчө деле сыры жок. Менин жетишкендиктеримдин эң башкысы бул - адамдык касиет жана тарбия. Ар бир тармактын өзүнүн саясаты бар, ал саясатка кабылганда адамдын мүнөзү өзгөрүп кетпеши керек. Арслан байке айтып өткөндөй, алгач ким болоруңду аныктап алышың маанилүү. Мына азыр баарынын эле журт башкаруучу болгусу келет. Кошунасы келип “сен ошол ишке татыктуусуң” деп койсо эле болду, “мен ошондой боло алат экенмин” деп адамдар өздөрүнүн чыныгы, туура багытынан адашууды.
Сүрөттө:
1.Эрмек 8 жыл мурда...
2. "Тамашоуну" бутуна тургузган мырзалар учурда деле изденүү үстүндө
3. Арслан Ибрагимовдун 2 уулу да "Тамашоунун" оюнчулары. Данияр жана Жалил
4. Москва. Кезектеги номерди аткаруу алдында
5. Команда Эл аралык КВН мелдешинин Премьер-Лигасында оюн көрсөтүүдө
6. "Тамашоунун" Москвадагы күйөрмандары