Көк-Жар конушунда жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Көк-Жар конушунда жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу окурман жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккандыгы жөнүндө маалымдаган. Аталган министрликтин маалыматына ылайык, 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, саат 16:34 чамасында өрт толугу менен өчүрүлгөн.

"Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес, жабыр тарткандар болгон жок", - дешти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен SUPER.KG порталына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
boika45
2016-06-10 20:27:11
Абайлаш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан