Жардыруудан көз жумган спортчу Руслан Абасовду өлтүргөн жарандын өздүгү аныкталып, изделүүдө

Белгилүү кикбоксчу Руслан Абасовду өлтүргөн жарандын өздүгү аныкталып, изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров маалымат жыйында билдирди. "Учурда кылмышты уюштурган киши аныкталып, издөө жарыяланган. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн аты-жөнү, кылмышка тиешелүү адамдардын саны айтылбайт", - деп айтты ал.

Кикбоксчу Руслан Абасов 2014-жылы 27-мартта өз унаасында болгон жардыруудан каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Ibi86kg
2016-06-14 20:04:16
Жаны министр Жунушалиев Турганбаевга малымат бербей жургон экен да озум Министр болгонда бул кылмышты ачам деп, же болбосо Экс министр Турганбаевдын кызыкчылыгы учун ачылбай келген болбосо эски министр кетет жаны министр келер куну ачылыш мумкун????...,
+4
Nazikbaigazy
2016-06-14 22:23:36
Жаны министир ака Кандайсыз еми Алманбет Анапияевдин да ишин карап берсениз куноолуулор табылса Жакшы болмок
+5
Malik92
2016-06-14 22:35:46
Жаткан жери жайлуу болсун! Ушул спорт чеберин да коро албай кантип, олтурушко колу барды экен? Албетте табылат жазасын алат.
+4
suarez09
2016-06-14 23:39:09
Анапияевдин иши бул бийлик кетмейинче ачылбайт!Жунушалиев деле ушулардын адамы
+2
aitowa11
2016-06-15 03:15:34
Издоо жарыялагандан кийин неге аты жонун айтпайт экен айтышса балким билгендер тапканга жардам береер эле
0
barakcha
2016-06-15 08:09:36
Ушуга чейин табылбаган кантип эле жаны министр кечээ эле келип таба калсын?Саясат!
0
admin_portal
2016-06-15 13:04:21
Nasyrkg, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан