Бишкек шаарынын тургунунун унаасын себепсиз тепкилеп зыянга учураткан кыз кармалганын 17-июнда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалым болгондой, Бишкек шаарынын 1983-жылы туулган К.В. аттуу тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Анда 12-июнь күнү саат 07:00 чамасында А. аттуу кыз эч себепсиз арыз ээсинин үйүнүн эшигин, короодо токтоп турган Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаасын тепкилеп, 7000 сомдук материалдык чыгым келтиргени айтылган. Көрүлгөн чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган Ш.А. аттуу Сокулук районунун тургуну кармалып, тергөө бөлүмүнө тапшырылган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.