Ошто 77 жаштагы аксакалдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылды

Ош шаарында 77 жаштагы аксакалдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылды. ИИМдин 17-июнда берген маалыматына таянсак, кечээ саат 16:30 чамасында Ош ОИИБине Түштүк кичи районунда улгайган аксакалдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жайга ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон жарандын көкүрөк тушуна бир нече ирет бычак сайылып каза болгонун көргөн. Ал Ош шаарынын 1939-жылы туулган У.Ж. аттуу тургуну болуп чыкты. Тиешелүү материалдар чогултулуп, "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Издөө иштеринин натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары каза болгон жарандын 1977-жылы туулган У.Ш. аттуу баласы кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү атасы менен уруша кетип, атасынын ичине бычак сайып жиберген. Натыйжада атасы алган жаракатынан улам окуя болгон жерден көз жумган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Fatima2016
2016-06-17 12:27:46
Кудай сакта орозонун кунундода ушундай нерселер болбойле койсунчу.
+5
Usow
2016-06-17 12:29:05
Эки дуйносун куйгузуп жибериптир андан коро озуно бычак урганда комоор алдыда атасы ыйлап дуба кылганда мумкун куноолорун кечиреер беле.
0
Uli6886
2016-06-17 12:31:42
Эч кимгдин башына мындайды корсотбосун оомин. Алла озун сактачы момун кулдарынды
+6
Jazim93
2016-06-17 12:33:11
Оо Аллахым....тообо кылдым.
+2
Alibek-0001
2016-06-17 12:59:20
ХХХ десе
0
karona
2016-06-17 13:04:48
Адам баласы мыкаачы болуп кетти го, оз атасын олтургон бул кандай адам? Тообо кылдым мин мерте.
0
salimbek87.kg
2016-06-17 13:57:02
Баласы кол которсо атага,кыз созун укпаса эненин ,ким кор ким зар балага, кыямат жакынбы деп ойлоп калдым.Аллахым элибиздин ыйманын бекем кылгын ооомин.
+1
Bakyi
2016-06-17 16:20:31
Бироого кор,бироого зар,кайран аттин ата-енелер! Аман еле болгулачы бактыбызга
+1
Elime
2016-06-17 16:42:48
Бир омур ата деген созду атай албай,кана эле балам деп башындан сылаган атанын жоктугуна мин арман кылсак.Бар атасы туруп кадырына жетпей,оз баласынын колунан ажал таап отурганы окундурмок тургай зээнинди кейитет.Ата-энени колдо барында кадырына жетеличи момун бир тууганым!
0
muli
2016-06-17 18:18:38
Кудай саккта оз атасын олтурду деген емне шумдук я?" орозодо коз жумса бейиштен жай берсин. Аминь
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан