Катуу жааган жаандын кесепетинен Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, Тоң балык өстүрүүчү ишканасынын жанындагы дамбанын 200-250 метр аралыгын суу алып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-июнда кабарлады.
"Суу 6 жасалма көлмөгө куюлуп, анда өстүрүлүп жаткан балыктарды агызып кеткен. Жергиликтүү убакыт менен саат 10:20да балык заводунун аймагынан бир үй-бүлөнү кайык менен эвакуациялап, коркунучсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлдү. Суунун жээгин колдо болгон каражаттар менен бекемдөө иштери аткарылды", - деп билдиришти министрликтен.
14-15-июнь күндөрү катуу жааган жаандын кесепетинен райондун аймагында бир канча жерлерде суунун деңгээли көтөрүлүп, сай жээктерден чыгып, айдоо аянттарын, көпүрөлөрдү жана унаа жолдорду каптаган. Район боюнча абал кооптуу бойдон калууда.