Баткен облусунда жардыруучу заттар менен эл аралык террористтердин 3 мүчөсү кармалды

Баткен облусунда жардыруучу заттар менен эл аралык террористтердин мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан Рахат Сулайманов билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда терроризмге шектелип кармалган жарандардын жанынан өз алдынча жасалган жардыруучу заттар, ок атуучу курал, диний экстремизмге үндөгөн китептер жана бет кап табылган.

"Терроризмге шектелип кармалган 3 адам Баткен облусунун тургундары. Алар террордук даярдыктан өтүп, Сириядагы согушка катышкандыгы маалым болду", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Кармалган жарандар Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
omu
2016-06-17 16:27:27
Кармалгандар жонундо да маалымат берип койсонор?

Фотосун киргизсенер жакшы болот эле, бул "баатырлар" кимдер экенин корот элек...
+3
Usow
2016-06-18 08:18:46
Мумкун базарларды орттоп аткандар балким ушулар болуп журбосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан