13-июнь күнү саат 22:00 чамасында Токтогул районундагы Толук айылында Нива үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Толук суусуна кулап кеткен. Унаанын ичинде жалпы 5 жүргүнчү болгон. Суудан унаа ичиндеги 2 адам өз алдынча чыгып кетип, калган 3 адам чыга албай калып каза болушкан. 2 жүргүнчүнүн жансыз денеси табылып, 1 жүргүнчү изделип жаткан эле. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылганын 18-июнда кабарлады. Ал 1982-жылы туулган Кожобек уулу Болот, маркум укук коргоо кызматкерлери тарабынан туугандарына өткөрүлүп берилди.