Чүй облусунун 1-Май айылында "унаа уурдаган" деп шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "30-майдан 31-майга караган түнү белгисиз адамдар короодогу унаамды уурдап кетти" деген арыз менен 41 жаштагы Т.М. аттуу жаран милицияга кайрылган. Ыкчам иликтөө аракеттеринин алкагында Бишкек шаарынын 27 жаштагы Р. Б. аттуу тургуну жана Талас облусунун 24 жаштагы А.Ж. аттуу жашоочусу кармалган.
Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.