Бишкектеги газ ташыган унаалардын жарылуусунан жабыркаган 6-адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жаракат алган 30 жаштагы Калыбек уулу Орозкалыбек денесинин 70 пайызы күйүп калгандыктан 18-июнь күнү каза тапты.
Эскерте кетсек, 6-июнда Бишкек шаарынын Достук кичи районунда газ ташыган унаалар жарылып, 12 адам ооруканага жеткирилген. 6 адамдын абалы оор болуп оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан.