Экотехинспекция: Ак-Талаа райондук сотунун имараты эреже бузуулар менен курулууда (фото)

Ак-Талаа райондук сотунун имараты эреже бузуулар менен курулуп жатканын 20-июнда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуп жаткан имараттын кошумча курулуштары текшерүүгө алынып, курулуштук эреже бузуулар орун алып жатканы белгилүү болду. Имараттын үстүнө коюлуп жаткан плиталар мурда колдонулуп, эскилиги жетип калган плиталар.

"Эскилиги жеткен каражаттарды колдонууга болбой турганы эскертилип, аларды имараттан алып салууга талап коюлган. Коюлган плиталардын үстүнкү жана астынкы беттеринен жарака кеткен. Эгерде талаптар аткарылбаса, мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деп билдирди инспекциянын маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KGstan1981
2016-06-20 14:21:38
Анан жана кече жакында Баткенде кичинекей жонокой сот имаратын 10 млн сомго курулуп бутту деп тан калдырышып очет тапшырышат мына сага коррупция.
0
Zaspasibuotebukrasivo
2016-06-20 15:40:24
Россияда же башка жакта мындай курулуш материалдарын туалетке да колдонушпайт
0
Rifle_S
2016-06-20 17:12:26
Бул жакшы ыкма да. Ошол б/у курулуш материалдарын жапжаңы кылып кагазга жазып отчет беришет. Коррупция !
Динге асылбай ушуларды караш керек. Жол курулганда да текшерүүгө неге алган эмес ?
0
Alixan-Nookat.2015
2016-06-20 18:20:15
Жон койгула пара кор сотторду басатда кочсо кичине болсода азаят.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан