Жалал-Абад шаарында "колу-бутун байлап, унаасын сатып, качып кеткен" деп шектелип кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда "балам дайынсыз жоголду" деген арыз менен Сузак районунун Р.А. тургуну милицияга кайрылган. Ыкчам иликтөө аракеттеринин алкагында шектүү катары кылмыштуу топтун эки мүчөсү Бишкек шаарынан кармалган. Кармалган жарандар Сузак районунун тургундары болгон.
"1993-жылы туулган Сузак районунун А.А. аттуу жашоочусу Жалал-Абад шаарына барып келүү үчүн чыгып, кылмыштуу топтун балдарына кармалган. Алар жабырлануучунун колу-бутун байлап, Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарына алып барган. Унааны ошол жерден сатып жиберишкен. Жабырлануучу качып кутулган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Кылмыш ишине шектелип кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги териштирилүүдө.