Бүгүн, 21-июнда саат 08:20 чамасында Шабдан баатыр көчөсүндө кырсык болду. Күбөлөрдүн айтымында, белгисиз автоунаа болжол менен 30-35 жаш курагындагы адамды сүзүп кетти. Окуя "Мадина" базарына жакын жерде орун алып, жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден каза тапкан.
Күбөлөрдүн айтымында, сүзүп кеткен автоунаанын үлгүсү - Ауди. Азырынча патрулдук милиция окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.