"Жер алып берем" деп 800 адамды сызга отургузган жаран колго түштү

"Жер алып берем" деп 800 адамды сызга отургузган жаран колго түшкөнүн ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын 46 жаштагы М.Р. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2015-жылдын 17-мартында Нурлан Үсөнов аттуу жаран "Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынан бир айдын ичинде жер алып берем" деп 400 доллар акчасын алып, бирок ушул күнгө чейин жер алып бербей же акчасын кайтарып бербей жатканын айткан.

Арыздын негизинде аты аталган жаранга карата "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштеринин алкагында 1978-жылы туулган Нурлан Үсөнов кармалып, СИЗО-1ге эки айга камоо чечими чыгарылды.

Андан сырткары ишти териштирүү учурунда дагы 16 жаран Октябрь РИИБине арыз менен кайрылып, Үсөновго алданып калганын айтышкан. Оперативдүү маалыматтарга караганда, Үсөнов жер алып берүүнү убадалап, алдамчылык жолу менен 800 кишиден акча алганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Arslan12
2016-06-21 10:35:26
800адамды алдаганча кармалбаганын кара?!
+4
Jannat_92
2016-06-21 10:47:12
8 же 80 да эмес 800 кудай ай.
0
alievna.1989
2016-06-21 12:36:33
800 адамды алдаганга анча тан калбагыла,120сы 6000000 элди алдап эле журушот го.
+4
Bakyi
2016-06-21 13:14:15
alievna.1989, Созундо жан бар жигар
+1
Sema87
2016-06-21 16:11:03
Суротун чыгарып койбопсунар да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан