Сириянын Камышлы шаарындагы жардыруудан каза тапкан адамдардын саны 67ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, жардыруу кечээ, 27-июль күнү болгон. Анда жарылуу зат жүктөлгөн оор жүк ташуучу унаа жарылган. Натыйжада имараттар кыйроого учурап, бир канча адам уранды алдында калган. Акыркы маалыматтар боюнча, жардыруудан каза тапкандар 67 адамга жетсе, жабыркагандар 185тен ашкан.
Айта кетсек, бул шаар Сириядагы күрддөр көп жашаган аймак. Кечээки жардырууну “Ислам мамлекети” деп аталган террордук топ өз жоопкерчилигине алды.