Борбор калаадагы бассейндердин бирине кулап кетип, комага түшүп калган бала ооруканадан каза тапты

Борбор калаадагы бассейндердин бирине кулап кетип, комага түшүп калган бала ооруканадан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

"10-июль күнү борбордогу бассейндердин бирине түшүп кеткен 8 жашар бала кечээ ооруканадан каза болду. Иликтөө иштеринин алкагында бала талма менен ооругандыгы аныкталган. Бала каза болуп калгандан кийин соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгына ылайык, баланын өпкөсү таза чыккан. Бул ал суу жутпаганынан кабар берет. Баланын ата-энеси эч кандай арыз-доосу жок экенин билдирип, милицияга арыз жазуудан баш тартышкан", - дейт Казабаев.

Анын айтымында, баланын ата-энеси арыз жазбагандыктан бул факт боюнча кылмыш иши козголбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан