Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин ишин карамак. Бирок соттук отурумга жабырлануучу тараптын жактоочусу келбей калганына байланыштуу соттук отурум 29-сентябрга жылдырылды.
Буга чейинки соттук отурумда кылмышка шектүү Айдай Субанова сурак берип, тергөөдө берген көрсөтмөсүн өзгөрткөн болчу. Ал күйөөсүн өлтүрбөгөнүн айтып, аны белгисиз адамдар өлтүргөнүн билдирген эле.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун А.Субанова аттуу аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.