Москвадагы кампадан чыккан өрттү өчүрүү учурунда 8 өрт өчүрүүчү каза болду

Москванын чыгышындагы пластик буюмдарын сактоочу кампада чыккан өрттү өчүрүү учурунда 8 өрт өчүрүүчү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кампанын чатырындагы жалынды өчүрүү учурунда имараттын шыбы урап, өрт өчүрүүчүлөр урандынын алдында калышкан. Учурда өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, келип чыгуу себептери такталууда.

Айта кетсек, өрт кырсыгы кечээ, 22-сентябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да башталган. “Виктория” ишканасына тиешелүү кампада пластик буюмдары (оюнчуктар жана жасалма гүлдөр) сакталчу. Мындан улам тилсиз жоо аз убакыттын ичинде 4 миң чарчы метр аянтты өз кучагына алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
tekebaeva.Arzu
2016-09-23 12:17:56
.
-6
ainur78007
2016-09-23 12:22:41
tekebaeva.Arzu,Таба эмес,тообо кылалы
+3
Chika78
2016-09-23 12:23:16
Албетте окунучтуу,бирок,кыздарды сактоого ушундай тобокелге барышканда да олум аз болмок беле...
+9
KG.Kushtarbek
2016-09-23 12:38:59
Кыргыздар жок окшойт е
-3
880909
2016-09-23 12:50:17
таба эмес тообо,жашоо бумеранг
+7
ekaterinburg
2016-09-23 13:35:51
100 го жакын адамдарды сактап калып,оздору каза болушуптур(((Жандары Бейиштен орун алсын!Оомийин!
+8
jurogumdosun
2016-09-23 13:52:27
кудай Москвада эмнеге эле ОРТ болуп калды, кудай сактасын!
-3
aseras
2016-09-23 13:53:29
Кандай окунучтуу кечээ барбыз бугун жок.Уй булоосуно сабр тилейм.
+4
dobrajelatel
2016-09-24 02:21:03
Эч кимдин башына салбасын!Кудайым ар кандай апаат кырсыктардан сактасын!
0
Aselya_9105
2016-09-24 13:36:02
Кыргыз кыздарыбыз өрттүн ортосунда калганда Москвалык өрт өчүрүүчүлөр ушинтип иштешсе гана. Жашоо чындыгында бумеранг.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан