Оштогу Турак жай-коммуналдык муниципалдык башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылы аталган башкармалык менен Таш-Көмүр шаарында иш жүргүзгөн “А-С” ишканасынын ортосунда курулуш материалдарын жана элеватор түйүндөрүн жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Ага ылайык, 76 комплект элеватор түйүндөрүнүн ар бири 42 миң сомдон сатылып алынып, Ош шаарындагы үйлөргө коюлган. Бирок текшерүү учурунда элеватор түйүндөрү Ош шаарындагы ширетүүчү цехтердин биринде жасалганы жана ар биринин баасы 20 миң сом эле болгону аныкталган. Оштогу Турак жай-коммуналдык муниципалдык башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам мамлекетке 1 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.
Учурда бул факт боюнча Ош шаардык прокуратурасы “кызмат абалынан пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык”, “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” жана “коммерциялык уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш ишин козгоду.