Араван районунда 18 жаштагы жигиттин өлүмүнө сүйлөшкөн кызынын айылдаштары шектелишүүдө

Ош облусунун Араван районунда 18 жаштагы жигиттин өлүмүнө сүйлөшкөн кызынын айылдаштары шектелип жатышат. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрда Араван районунун Чек-Абад айылында болжол менен 20-25 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Денесин текшерүүдө ур-токмокко алынгандыгынын белгилери байкалган. Каза болгон 18 жаштагы Маруфжон Наврузов Араван районунун Кара-Жантак айылынын тургуну экени аныкталды.

Аталган факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 18 жаштан 24 жашка чейинки 5 адам кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга отургузулушту. Кылмышка шектүүлөр каза болгон баланын сүйлөшкөн кызынын айылдаштары экени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Abdurahman
2016-09-24 12:55:07
суйуу суйуу деп коет, суйуу адамды жеп коет деген ушу да, Жаткан жери жайлуу болсун
+7
chyngyz-40
2016-09-24 13:05:06
кыргыз кызына келсе ушундай болот кантсе да мусулман адам жаткан жери жайлуу болсун
+6
medik-kyz
2016-09-24 16:30:55
Эмне эле болуп баратабыз я
+1
birtanem
2016-09-24 21:38:24
Чек абадда кобунчо турктор менен озбектер жашайт.
0
nurikkg1
2016-09-25 00:10:25
мен ойлойм бул нацзиизим эмес просто патироотук андай болбосо болбойтко
-3
sgushenka
2016-09-26 08:11:26
nurikkg1, сен биринчи туура жазганды билип алып анан оюнду жаз, оюн менен ... кир!!!
0
emmaya
2016-09-25 21:53:35
Жаткан жери жайлуу болсун. Ата энесине эле кыйын болгондур.
0
sgushenka
2016-09-26 08:02:28
Бироонун чырактай баласы((( наркы бешоонун ХХХ ХХХ ХХХ камап отурбай.
0
admin_portal
2016-09-26 16:49:37
sgushenka, провокациялык билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуңуз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан