Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 23 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкекте 6, Чүй облусунда 5, Ош шаарында 3, Ош облусунда 4, Жалал-Абадда 3, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында өрт кырсыгы катталды. Анда айылдагы мектептин аймагында контейнердеги 1 тонна көмүр күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.