Ысык-Ата районунда эки айдан бери дайынсыз делип 22 жаштагы тургун изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
“1994-жылы туулган Эдуард Гегель үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда эртең менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бою болжол менен 170-180 сантиметр, орточо дене түзүлүштө, ээгинде тырыгы бар. Ошол күнү көк түстөгү футболка, түстүү кыска шым кийип жүргөн. Эгер ал тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо, (0312) 61-69-07, (03132) 5-51-47 номурларына чалып кабарлап койсоңор”, - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.