Борбор калаада адам уурдоого шектелип кармалган 19 жаштагы кыз буга чейин 3 жолу соттолгон

Борбор калаада адам уурдоого шектелип кармалган 19 жаштагы кыз буга чейин 3 жолу соттолгон. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-сентябрда милицияга 25 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз кыз анын 1,5 жаштагы баласын уурдап кеткенин билдирген. Маршруттук таксиде белгисиз кыз "сүйлөшүп алайынчы" деп жабырлануучунун телефонун сурап, базарга жеткенде дагы телефон сураган. Ал узакка сүйлөшкөндүктөн, арыз ээси баласын карап турууну өтүнүп, базарга кирип кеткен. Кайра кайтып келгенде баласы да, телефону да жок болгон.

"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Кара-Буура районунун 1997-жылы туулган Н. кызы Мадина аттуу тургуну кармалган. Ал буга чейин 3 жолу сот жообуна тартылып, 1 жыл СИЗОдо камакта отуруп чыккан. Учурда ага карата "адам уурдоо" жана "алдамчылык" беренелери менен кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Alixan-Nookat.2015
2016-09-26 18:02:09
Кудай сакта жаш эле кыз экен ал эми 1.5 айлык баласын тааныбаган бир коргон адамга таштаган келинда ХХХ
+11
Zainka
2016-09-26 18:17:11
Тааныбаган адамга дагы баласын каратабы?! Дагы жакшы табылыптыр.
+8
HA3AP
2016-09-26 18:40:56
19 га чыгалек жатып 3 жолу соттолсо, дагы бир беш он жылдан кийин элестетүү кыйын болуп калат го.
Ушуга окшогондорду өмүр бою камаса да аздык кылат.
+6
kama_future_millioner
2016-09-26 19:33:31
Өлдүнго ДАДИҢ
+1
Nurkyz1977
2016-09-26 19:46:52
Телефонуна кошуп баласын да белгисиз тааныбаган бироого таштап койгону эмнеси, кызык адамдар коп.
+2
Nurbek2202
2016-09-26 21:21:21
Алдаганга бат конгон келинго
+1
Aytur
2016-09-26 23:38:33
Эми жаш эле кыз баламды эмне кылмак эле деп жаман ойу жок ташиап койдуда.
Ал жаштайынан жанкечти экенин кайдан билсин.
+3
mambo-1984
2016-09-27 03:22:46
Суротун анан аты жонун толук жазсанар болмок
+1
Abubakir05
2016-09-27 07:06:45
Бироонун баласын уурдабай жакшы журуп турмушка чыгып озу тороп албайбы озун айып кылбай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан