Бишкек. Темир жолдо спирт ичимдигин ичип отурган аялды поезд сүзүп кетти

Темир жолдо спирт ичимдигин ичип отурган аялды поезд сүзүп кетип, ал каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 25-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Бишкек шаарынын Лев Толстой-Некрасов көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдун аймагында болгон.

"Белгисиз киши менен аял темир жолдо спирт ичимдиктерин ичип отурган. Машинист аларга эскертүү катары бир нече ирет алдын ала сигнал берген, бирок аял да, киши да эч кандай реакция кылган эмес. Натыйжада поезд аялды сүзүп, катуу соккудан улам ал 10 метр алыстыкка чейин ыргып кеткен. Каза тапкан аял 35-40 жаштар чамасында. Ал эми анын жанындагы киши окуя болгон жерден качып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Учурда качып кеткен жаран изделип, анын жана маркум аялдын өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Seryi-Kardinal
2016-09-26 12:55:16
kyrgyzstanda 1 bomj azaiyptyr da
-12
Riokyrgyz
2016-09-26 14:24:30
Seryi-Kardinal,оозуна меники.
+7
barakcha
2016-09-26 23:33:24
Seryi-Kardinal,Тобоо келтир бул созуно!
0
muratkg
2016-09-26 13:02:23
Коп эле кырсык,кылмыштарга арак себеп болууда туугандар. Ошону ичпегенге аракет кылалы. Мен да ичем бирок ичкенди таштаганы аракет кылып жатам.
+7
UlukmanKalyev
2016-09-26 13:19:34
Ажалы жеткен экен байкуш. Жайын жаннаттан берсин.
+3
erlist
2016-09-26 13:50:44
Мас болуп олуп калыштан кудай сактасын...
+1
aliko78
2016-09-26 14:21:12
Ич дагы. Поездге карабай ич.
-1
Guli000
2016-09-26 15:37:47
Ичкилик жакшылыка алып барбайт дегени ушул...
+2
Maha-0711
2016-09-26 16:27:42
Жашоодон тажаган бир байкуш немедир да..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан